Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылындагы Курманжан-Датка көчөсү, 24/1 дарегинде үч кабаттуу Калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө жер төлөнүн темир-бетон дубалдары тургузулуп, плиталары төшөлүп, ошондой эле биринчи кабаттын колонналары бетондолууда.
Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 150 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери Ош регионалдык архитектура башкармалыгынын долбоору боюнча аткарылууда, подрядчы "Барс-Курулуш" ЖЧКсы.
Объектини пайдаланууга берүү 2025-жылдын декабрь айына пландаштырылган.