icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын шаарындагы лицей жатак-мектеби 1-сентябрда ишке берилет

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги тарабынан Нарын шаарындагы академик Үсөн Асанов атындагы 500 орундуу лицей жатак-мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. 2025-жылдын январь айында имаратты оңдоо иштери башталып, республикалык бюджеттен  каржыланды. 

Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүндө мектеп толук жаңыланып, окуучулардын билим алуусуна жакшы шарттар түзүлдү. 

Белгилей кетсек, лицей жатак-мектеби 1964-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес.