icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду

Курулуш министрлиги тарабынан Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жаңы административдик имараты курулду. Курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин наркы 36 миллион сомду түздү.

Жалпы аянты 536 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратта заманбап талаптарга жооп берген бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары айыл-аймактардагы инфраструктураны жакшыртуу максатында бир катар ири долбоорлор ишке 

ашырылууда.