Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылындагы №3 М.Нурбаев атындагы мектеп толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Окуучулар 1-сентябрда жаңыланган билим уясына барышат.
Мектептин эски имараты 1960-жылдары курулуп, андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 2024-жылы Курулуш министрлигинин тарабынан оңдоо иштери башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Мектеп 435 окуучуга ылайыкталган. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө имарат толугу менен жаңыланды.