icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Миң-Жыгачтагы 225 орундуу жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачканга даяр

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Миң-Жыгач айылында 225 орундуу Жаш-Тилек орто мектебинин курулушу бүткөрүлдү. Билим уясы 2023-жылы курулуп баштап, республикалык бюдеттен каржыланды. 

Мектептин жалпы аянты 1 259  чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, компьютердик каласс, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы каралган.