Бүгүн, 28-августта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде министрдин орун басары Бакай Турдугуловдун Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова, Пучхон шаарынын мэри Чо Ён-ик жана курулуш материалдарын жана жабдууларын өндүрүү тармагында иштеген компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара кызматташуу, имараттарды заманбап инженердик системалар менен жабдуу жана өнөр жайдагы курулуш материалдарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана курулуш тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.
Министрдин орун басары Бакай Турдугулов министрликтин ар
тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгилеп, өлкөнүн курулуш
секторун туруктуу өнүктүрүүдө эл
аралык өнөктөштүктү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.