Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ушул жылдын январь айында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 101 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары менен жолуккан.
Жолугушууда турак үйдүн курулушу 2013-жылы “Руби Групп” курулуш компаниясы тарабынан башталып, 2018-жылы бүткөрүлүп бирок расмий пайдаланууга берилбей калгандыгы аныкталган. Мындан улам документтер толук таризделбей, жашоочулар мүлктү өз атына каттай албай, документ иштеринде кыйынчылыктар болуп келген.
Ошондой эле көп жылдан бери турак үйдүн жашоочулары коммуналдык кызматтарды өнөр жай тарифинде төлөп келген.
27-августта Министрдин тапшырмасы менен аталган турак үйдүн жашоочулары тиешелүү документтерин колуна алды.