icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

31-августка карата 115 объект пайдаланууга берилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан 31-августка карата 100 социалдык жана инфратүзүмдүк объектини пайдаланууга берүү пландалган.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2025-жылга белгиленген планды ашыра аткарып, 115 социалдык объекттинин курулушун жана капиталдык оңдоо иштерин аяктады. Белгилей кетсек, 2024-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата 107 объект пайдаланууга берилсе, быйыл бул көрсөткүч өсүп 115ке жетти.

Алардын ичинен:

  • 63 мектеп
  • 19 бала бакча
  • 11 саламаттыкты сактоо мекемеси
  • 13 спорттук жай
  • 3 маданий жай
  • 6 башка тармактагы объект пайдаланууга берилет.

Республикалык бюджеттен 10 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, 115 объектинин курулуш иштерине жумшалды.

Мындан сырткары, 2025-жылдан аягына чейин 100дөн ашык социалдык жана инфратүзүмдүк объектини пайдалануу берүү пландалган.