Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстан айылында 275 орундуу №31 О.Курбанбаев атындагы мектеп курулду. Курулуш иштери 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, кийин токтоп калган. Бүгүнкү күндө билим уясы толук бүткөрүлдү.
Жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзгөн мектепте бардык заманбап шарттар каралган. Мектеп эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат.
Эске салсак, эски мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай катары курулуп, кийин 1985-жылы бала бакчага багытында кошумча корпус салынган. Андан бери мектеп катары колдонулуп келген.