Бүгүн, 29-августта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде министрдин орун басары Бактыяр Станбековдун катышуусунда Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясы менен жолугушуу болуп өттү.
Тараптар Ысык-Көл облусундагы канализациялык-тазалоочу курулманы (КТК) куруу долбоорунун жүрүшүн талкуулады. АӨБ өкүлдөрү буга чейин аймакка барып, курулуш аянтын көрүп, иштин жүрүшү менен таанышып келген.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө шаар куруу боюнча АӨБнын башкы адиси Массимо Петроне мырза өз милдеттерин туризм боюнча улук адис Джесси МакКомб айымга өткөрүп берери белгилүү болду.
Жолугушууда эки тарап аймактын экологиялык коопсуздугу жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн долбоордун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирди.