icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Күн-Туу айылындагы жаңы бала бакча 1-сентябрга даяр

Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы жаңы бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Объектинин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Жаңы бала бакча 140 балага ылайыкталган заманбап эки кабаттуу имараттан турат. Анда балдардын ар тараптуу өнүгүүсү жана санитардык нормалардын сакталышы үчүн бардык шарттар каралган. Бала бакчада атайын оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу бөлмө, ашкана, музыкалык зал жана медициналык кабинет бар.

Объекттин тендердик баасы 54 млн сомду түзөт.