Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы №11 мектепти ачты жана ошол эле учурда бүткүл Кыргызстан боюнча дагы 100 социалдык объектини онлайн форматта ишке киргизди.
Иш-чарага Россия Федерациясынан делегация да катышты, анын ичинде Россия Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Мамлекеттик Думанын туризм жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Николай Валуев жана башка расмий адамдар бар.
Белгилей кетсек,
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба
министрлигинин көзөмөлүндө Эгемендикке карата 115 объектинин курулушу жана
капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлүп, анын 101и бүгүн ачылды. Ал эми калгандары 30-31-август жана
1-сентябрда ачылат.