Бүгүн, 29-августта
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айылында 150 орунду А.Турдакунов
атындагы жаңы мектеп ачылды.
Мектептин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Курулуш министрлиги тарабынан жүргүзүлдү.
Мектеп 4 блок: 2
кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1352
чарчы метр.
1-сентябрдан баштап
окуучулар жаңы мекептен билим ала баштайт.