Кыргыз
Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Ош облусуна болгон
жумушчу сапарынын алкагында Кара-Кулжа районундагы коомдук маданий борбордун
курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба
министри Нуртан Орунтаев Мамлекет башчысына курулуш үчүн муниципалдык менчикте
турган 0,45 га жер тилкеси бөлүнгөнүн айтып берди. Имарат 3 кабаттан турат.
Анда кинотеатр, машыгуу залы, тейлөөчү уюмдар, банк филиалдары, конференц-зал
жана башка бөлмөлөр жайгашат.
Каржылоо Кыргыз Республикасынын Стабилдештирүү фондунан жүргүзүлөт жана 172,0
млн сом каралган.
Ошондой эле Президент Садыр Жапаровго калкынын саны 100 миңге жеткен Кара-Кулжа
районун өнүктүрүү пландары тууралуу презентация көрсөтүлдү.