Талас районуна
караштуу Ак-Сай айылында биринчи жолу заманбап талаптарга толук жооп берген
Б. Жанузаков атындагы мектеп салынып,
бүгүн салтанаттуу ачылышы болду.
Жалпы аянты 1361
чарчы метрди түзгөн жаңы билим уясы 200гө жакын окуучуга ылайыкташкан.
Эске салсак, буга чейин айылдын окуучулары маданият
үйүндө билим алып келишсе, 1-сентябрдан тарта заманбап жаңы мектептин босогосун аттайт.