icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Бостеридеги жаңы курулган заманбап бала бакча ачылды

Бүгүн, Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы “Келечек Башаты” атындагы жаңы бала бакчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. 

Бала бакчанын курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Тендердик баасы 62,4 миллион сомду түзөт.

Эки кабаттуу жаңы бала бакча 60 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 720 чарчы метрди түзөт.