icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Чоң-Алайдагы 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн, Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы жаңы, заманбап мектептин каалгасы ачылды.

Ж. Бөкөнбаев атындагы 275 орундуу жаңы мектептин аянты 1956 чарчы метрди түзөт. Мектепте эки кабаттуу окуу корпусу, китепкана, ашкана, спорт залы, жыйындар залы жана дарыгердин бөлмөсү каралган.

Буга чейин колдонулуп келген эски мектептин имараттары 1978 жана 1985-жылдары курулуп, авариялык абалга жеткен. Жаңы мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды.