icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Президент Сузактагы 750 орундуу жаңы мектептин имаратын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. 

Президент азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи.

Мурда мектептин имараты эки корпустан турган. 1890-жылы имараттардын бири 10 бөлмөгө ылайыкталып курулган. 1928-жылдан баштап ал кайрадан жабдылып, 10 класстык бөлмөсү бар мектеп катары колдонула баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш материалдары көп жылдык пайдалануудан улам эскирип кеткени аныкталган: пайдубалы чөгүп кеткен, ал эми негизги дубалдарда жаракалар пайда болгон, ошондуктан мектептин жаңы имаратын куруу чечими кабыл алынган. 

Мектептин курулушу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлдү.

Соңунда Президент Садыр Жапаров жаңы мектептин имаратын, анын ичинде окуу класстарын, спорттук жана жыйындар залдарын, ашкана жана башка бөлмөлөрдү көрүп чыкты.