Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы 700 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди.
Бүгүн, 1-сентябрда жаңы мектептин ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Курулуш министри Нурдан Орунтаев, Билим министри Догдургүл Кендирбаева жана жергиликтүү тургундар катышты.
Нурдан Орунтаев Министрлер Кабинетинин Төрагасына жаңы мектепти тааныштырып, заманбап талаптарга толук жооп бере тургандыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2012-жылы башталып, кийин токтоп калган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулушу толук бүткөрүлүп, 2000ге жакын окуучуга эшигин ачты. Мектептин жалпы аянты 3563 чарчы метрди түзүп, жети блоктон турат.