icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстанда биринчи жолу архитектура боюнча “Ага Хан” сыйлыгы тапшырылат

Бишкекте 14-16-сентябрь күндөрү архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык “Ага Хан” сыйлыгынын салтанаттуу тапшыруу аземи өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасы менен “Ага Хан” Өнүктүрүү Уюмунун кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналат.

2025-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Ага Хан” сыйлыгынын директору Фаррох Дерахшани менен министрликте жолугуп, иш чара-боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. 

Иш-чара Кыргыз Республикасы жана “Ага Хан” Өнүктүрүү Тармагынын тең төрагалыгы алдында өтүп, ага дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген 150дөн ашык расмий өкүлдөр, архитекторлор жана окумуштуулар, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген коноктор катышат. Алар архитектуранын туруктуу өнүгүүсүн, климаттык өзгөрүүлөргө адаптация жана жашоо сапатын жогорулатуудагы ролун талкуулайт.

Бул иш-чара Кыргызстандын архитектуралык өнүгүүдөгү маанилүү ролун жана эл аралык кесиптик коомчулуктун ишенимин тастыктайт. “Ага Хан” сыйлыгына жалпы 369 долбоор сунушталган болсо, учурда 16 өлкөдөн 19 финалист тандалып алынган. 2025-жылдагы жеңүүчүлөр 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү сыйлык акчасын бөлүшөт. Сыйлык тапшыруу аземине чейин Бишкекте көргөзмөлөр, лекциялар өтүп, иш-чара 16-сентябрда эл аралык семинар менен аяктайт. 

Белгилей кетсек, “Ага Хан” сыйлыгы үч жылда бир берилүүчү архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык сыйлыктардын бири. Бул сыйлык 1977-жылы Ага Хан IV тарабынан негизделген жана негизги максаты - мусулман коомдорунун маданий мурасын, архитектурасын жана жашоо чөйрөсүн жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоо.

Аталган сыйлыкты тапшыруу аземи Кыргызстанда биринчи жолу өтөт, ал эми буга чейин Борбор Азия боюнча биринчи жолу Самарканд шаарында 1992-жылы уюштурулган.

https://minstroy.gov.kg/ru/state_program/19/show