Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айлындагы 500 орундуу мектептин курулушу уланууда. Объект 2023-жылы салынып баштаган, республикалык бюджеттен каржыланууда. Тендердик баасы 164 миллион сомду түзөт.
Долбоор боюнча мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галерея жана спортзалынан турат. Ошондой эле, заманбап ашканасы, лаборатория, компьютердик класс жана китепканасы каралат.
Учурда курулуш-монтаждоо иштери 55 пайызга аткарылды.