icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бир айда 94 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2025-жылдын август айында республика боюнча 94 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди жана 5 объект боюнча атайын техникалык шарттар иштелип чыкты.

Бул корутундулар имараттардын жана курулуштардын жер титирөөгө туруштуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт.

Институт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфратүзүмдүк объектилерди камтыды.

Белгилей кетсек, техникалык кортундуда инженерлер тарабынан учурдагы имараттардын реконструкциялоосуна техникалык жактан баа берилет.