icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Саруу айылында чоң мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында Ж.Чабалдаев атындагы жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Курулуш-монтаждоо иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Учурда иштердин 65 пайызы аткарылды.

Долбоор боюнча билим уясы үч блоктон туруп, 500 окуучу орунга ылайыкталат. Эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен курулууда.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.