icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Токмоктогу бала бакчанын курулушу текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилериндеги курулуш нормаларынын жана талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн алкагында Токмок шаарынын Достук көчөсүндө курулуп жаткан бала бакчанын терезеси жана кыштары сапатсыз орнотулгандыгы аныкталды.

Аталган объектиде акт түзүлүп, подряддык уюм “Эльдияр строй” ЖЧКсына сапатсыз тургузулган бөлүктү демонтаждоо, ишти долбоордук чечимдерге жана курулуш нормаларына ылайык келтирүү боюнча эскертүү берилди. Ошондой эле укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылды.

Учурда бала бакчанын курулушу башкармалык тарабынан көзөмөлдө турат. Аныкталган кемчиликтер жоюлмайынча объект пайдаланууга берилбейт.