icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Бишкектеги көйгөйлүү объектилердин документин тапшырды

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы бир катар көйгөйлүү турак жай объектилеринин жашоочулары менен жолугушту.

Министр жолугушууда көп кабаттуу көйгөйлүү объектилердин маселеси ондогон жылдар бою чечилбей, жада калса мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагазы жок курулуштар жүрүп келгенин белгиледи.

“Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан баштап министрлик бул көйгөйлөрдү системалуу түрдө изилдеп, тиешелүү иштерди жүргүздү. Бүгүн анын оң жыйынтыгын көрүп жатабыз. Биз бул менен токтоп калбай, иштерди уланта беребиз,”-деди Нурдан Орунтаев.

Белгилей кетсек, бир нече жыл мурда курулган турак үйлөр, курулуш компаниялары тарабынан расмий пайдаланууга өткөрүлгөн эмес. Мунун айынан жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келген.

Жолугушуунун соңунда министр төмөнкү даректерде жайгашкан көп кабаттуу турак жайлардын тургундарына объектилердин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актыларын (акт ввода в эксплуатацию) расмий тапшырды:

Осмонкул көч., №170

Ч.Айтматов проспектиси, №97/3

Логвиненко көч., №12

“Арча-Бешик” конушу, Ак-Тан көч., №66 жана №64

Ибраимов көч., №181

12-кичи район, №64/1

Жаманбаев көч., №88/2