icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Кара-Суу шаарында В. Ленин атындагы мектепке кошумча корпус курулууда

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы В. Ленин атындагы мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Наркы 107 миллион сомду түзгөн объекттин курулушу өткөн жылдын апрель айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Жалпы аянты 2304 чарчы метр болгон кошумча корпуста заманбап окуу класстарынан тышкары лаборатория, химия, биология жана компьютердик кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинети каралган.

Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштеринин 87 пайызы аткарылды. Курулушту жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.