Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы райондун бекитилген дизайн-коду боюнча эскиздик долбоор иштеп чыкты.
Дизайн-коддо Тогуз-Торо районунун аймактык территориясындагы имарат, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү жана маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери камтылган.
Бүгүнкү күндө Казарман айылынын Нур-Жайык кичи районунда жайгашкан башаламан ар кандай курулмаларды иретке келтирүү, айыл тургундары үчүн ар тараптуу шарттарды түзүү менен дизайн-коддун эреже шарттарын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер башталды.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана
архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан дизайн-коддун талабына ылайык бир топ
эскиздик долбоорлор даярдалып, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик
администрациясына сунушталды.