Курулуш министрлигинин алдындагы Нарын региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Кочкор районунун Кочкор айылындагы Арабаев көчөсү №13/1 дарегинде жайгашкан объект мыйзамсыз экендиги аныкталган.
Буга чейин аталган даректеги объект боюнча Башкармалык текшерүү актысын түзүп, бузууларды жоюу боюнча жазма эскертме берген. Ошондой эле протоколдун негизинде айып пул салынып, имараттын документациясын бүткөрүп обьектини мыйзамдаштырууга убакыт берилген.
Бирок, объектинин ээси тарабынан эч кандай аракет көрүлбөгөндүктөн башкармалык тарабынан тиешелүү документтер сот органдарына өткөрүлгөн.
Бүгүнкү күндө жогорку соттун чечими менен мыйзамсыз обьект буздурулуп жер аянтын алгачкы калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.