icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Гүлбаар айылында заманбап мектеп курулууда

Ош облусунун Араван районуна караштуу Гүлбаар айылында наркы 74 миллион сом болгон жаңы мектеп курулуп жатат. Объекттин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Учурда курулуштун 55 пайызы бүткөрүлүп, жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Жаңы билим уясы 150 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 1200 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, мектепте негизги окуу класстары менен катар китепкана, лаборатория, кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинеттер каралган.

Курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.