icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлигинде Курултайдын делегаттары менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы боюнча Курултайдын Сокулук районундагы делегаттары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу катышып, делегаттардын социалдык объектилер боюнча сунуш-пикирлерин укту. Сокулук районунун ар кайсы айылдарындагы маселелер көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды. 

Министрдин орун басары делегаттар тарабынан сунушталган бир катар социалдык объектилер боюнча “Капиталдык курулуш” беренеси менен иш жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелердин бир нечеси ишке ашырылган.