Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылында наркы 78 миллион сомду түзгөн бала бакча курулууда. Курулуш иштери былтыр башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Азыркы тапта имараттын курулушу 90 пайызга бүткөрүлдү.
Долбоорго ылайык, бала бакча 100 орунга ылайыкталган, заманбап шарттары бар эки кабаттуу имараттан турат. Жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.
Курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.