2023-жылдын июнь айында Курулуш министрлигинин алдындагы Чүй облусуна караштуу Москва районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы убактылуу объект (павильондордун, киосктордун) имарат жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө арналган дизайн-код иштеп чыгып, бекиткен. Дизайн-кодду иштеп чыгууда Чүй облусунун желеги (Сары-Өзөн) негиз катары колдонулган.
Ошол эле учурда башкармалыктын кызматкерлери Бишкек-Кара-Балта эл аралык маанидеги унаа жолунун жээгиндеги маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жана убактылуу жеңил объектилерди ирээтке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөргөн. Көчмө жыйындын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталып, чарба жүргүзүүчү субъектилерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле мыйзамсыз объектилерди тиешелүү органдарга укуктук баа берүү үчүн сунуштоо мерчемделген.
Азыркы учурда Москва районундагы убактылуу объект (павильондордун, киосктордун) жана курулмалардын ээлери фасаддарынын сырткы көрүнүшүн Башкармалык бекиткен дизайн-коддун негизинде иретке келтирүүдө.