icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: 375 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы 375 орундуу Ж.Чолпонбаев атындагы жаңы мектептин курулушу 65 пайызга бүткөрүлдү.

Жаңы мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Жалпы аянты 2297,1 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектеп үч блоктон турат. Окуучу жана окутуучулар үчүн бардык  шарттар каралган.

Белгилей кетсек, курулуш иштери Курулуш министрилгине караштуу Турак жай-жарандык департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.