Бүгүн, 2025-жылдын 5-сентябрында курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбековдун жетекчилиги астында Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгынын автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге Курулуш министрлигинин, "Түндүк" ААКсынын, "Айыл банк" ААКсынын өкүлдөрү, системаны иштеп чыгуучу топ жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Айыл Банк" ААКсынын жаңы программалык продуктусу – "Ай Биллингди" киргизүү маселелери, ошондой эле системаны архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык башкармалыктарга жайылтуу иши каралды. Мындан тышкары, системаны тажрыйба-өнөр жайлык эксплуатациялоонун алкагында иштерди пландуу жана сапаттуу аяктоо үчүн зарыл болгон бир катар иш-чаралар мерчемделди.
Министрдин орун
басары талкууланган маселелерди белгиленген мөөнөттө иштеп чыгып, керектүү
документтерди берүүнү тапшырды. Бул системанын техникалык операторлоо тартибин
аныктоого, ошондой эле уруксат берүүчү документтер боюнча ченемдик актыларды
өзгөртүүнүн алкагында борборлоштуруп төлөө үчүн финансы каражаттарын эсепке
алуунун заманбап технологияларын киргизүүгө мүмкүндүк берет.