icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Чымбайдагы жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чымбай айылындагы 75 орундуу жаңы бала бакчанын капиталдык курулушу кызуу жүрүп жатат.

Бала бакчанын жалпы аянты 609,91 чарчы метр.  Объектинин курулуш иштери ушул жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Заманбап талаптарга ылайык курулуп жаткан бала бакчаны 2025-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.