icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Он-Эки-Мойноктогу жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Он-Эки Мойнок айылында жайгашкан 275 орундуу А.Сыранов атындагы мектептин курулушу аяктап калды.

Долбоорго ылайык, эски мектептин ордуна салынып жаткан жаңы мектеп эки кабаттуу курулуп, 4 блоктон турат. Окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттардын баары каралган. Жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзөт. 

Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып келет, учурда курулуш иштеринин 95 пайызы бүткөрүлдү.