Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү айылында наркы 89 миллион сомду түзгөн жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. 150 окуучуга ылайыкталган билим уясынын курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Долбоордун алкагында заманбап негизги окуу класстары менен катар лаборатория, китепкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттер жана спортзал каралган.
Учурда курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аткарылып, мектепти быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.