Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө инженердик текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү Орозбеков көчөсү, 23 дарегиндеги “Найс хаус” ЖЧКсы тарабынан салынып жаткан 14 кабаттуу турак жайдын №2 блогуна карата уюштурулду.
Иш-чаранын максаты аталган 14 кабаттуу объектиге 15-кабатты куруу боюнча пландаштырылган реконструкцияга байланыштуу аткарылып жатат.
Натыйжада, объект боюнча бардык техникалык документтер изилденип, объекттинин конструкциялык схемасы, элементтердин өлчөмдөрү алынат. Ошондой эле, зарыл болгон өлчөө чиймелерин түзүү, кемчиликтердин жана бузулуулардын пайда болуусунун себептерин талдоо иштери аткарылат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында
институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы жөнүндө корутунду
даярдалып, аларды андан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.