Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын дизайн-коду иштелип чыгып, анын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.
Алсак, Ош шаарынын А.Масалиев, Мамыров, Монуев, Асранкулов ж.б. бир катар көчөлөр иретке келтирилди. Ошондой эле Кыргызстан-Өзбекстан чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинен Ош шаарынын кире бериш аймагындагы обьектилердин сырткы көрүнүшү дизайн-коддун талабына ылайык оңдолду.
Бул өзгөрүүлөр шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, кооз жана ыңгайлуу архитектуралык шаар чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Белгилей кетсек,
2024-жылдын 10-сентябрда Ош шаардык кеңеши тарабынан токтом кабыл алынып, анда
имарат, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө коюлуучу талаптар,
көрнөк-жарнак конструкцияларын жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери
бекитилген.