Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери борбор калаадагы бетон аралашма ишканасына барышты.
Текшерүү учурунда КСРБнын адистери өндүрүш процессин текшерип, продукциянын үлгүлөрүн алды. Белгилей кетсек, баштапкы текшерүүлөр заводдо жүргүзүлөт, андан кийин үлгүлөр сыноо лабораториясына жөнөтүлөт. Бул жерде бетон аралашмасы комплекстүү башкача айтканда суукка, нымдуулукка жана башка көрсөткүчтөр боюнча сыналат.
Натыйжада, бардык керектүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, продукциянын жарактуулугу жөнүндө сертификат берилет же баш тартуу тууралуу жыйынтык чыгарылат.