Эгерде кандайдыр бир
имаратты жеке менчик мектеп же бала бакча катары иштетүүнү кааласаңыз, анда
алгач Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы райондук Шаар
куруу жана архитектура башкармалыгына кайрылууңуз зарыл. Себеби мектептер жана
бала бакчалар курулуш ченемдерине ылайык курулушу керек. Бул
ченемдерде балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн класстар, кабинеттер, жана
эс алуу жайлары өзүнчө каралган.
Ошондуктан жөнөкөй имаратты мектеп же бала бакча катары иштетүүдө анын планын кайра чийип, багытын алмаштыруу учурунда тиешелүү курулуш жана санитардык нормалар милдеттүү түрдө сакталы кажет. Окуучулардын жана тарбиялануучулардын коопсуздугу үчүн мындай объекттерге Курулуш министрлиги өзгөчө көзөмөл жүргүзүп келет.
Ал эми талап кылынуучу документтер:
o - Имараттын техникалык паспорту
o - Жерге болгон мамлекеттик акт же менчик
күбөлүк
o - Сатып алуу жана сатуу боюнча келишим
o - Объектинин ээсинин паспорту
o - Багытын алмаштырууга даярдалган эскиздик
долбоор (лицензиясы жана сертификаты бар уюм тарабынан даярдалган)
o - Газ, суу жана электр энергиясы боюнча
жүктөмдөрдүн эсептери
o - Ошондой
эле укукту белгилөөчү жана тастыктоочу документтер