Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы Элебес Осмонов атындагы борбордук стадиондо 45 жылдан кийин биринчи жолу ири реконструкция жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Объекттин тендердик баасы 172 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Долбоорго ылайык, стадиондун жатаканасы, ашканасы, батыш- чыгыш трибуналары, коомдук даараткана, унаа токтотуучу жай жана эл аралык талаптарга жооп берген футбол талаасы курулат.
Эскерте кетсек, Э.Осмонов атындагы борбордук стадион 1980-жылы курулган.