Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Андагул айылында 150 орундуу Т.Шериев атындагы жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат.
Аталган мектеп республикалык бюджеттен каржыланууда. Долбоорго ылайык, Г-формасындагы эки кабаттуу мектеп 3 блоктон турат. Ошондой эле,окуучу жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралган. Учурда курулуш иштеринин 85пайызы бүткөрүлүп, ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Белгилей кетсек,
Курулуш иштери Курулуш министрлигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти
тарабынан көзөмөлдөнүүдө.