icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Гүлбаар айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды

Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбаар айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды.

Объектинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштин жүрүшү Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө болот. Подряддык уюму “Бак Кел” ЖЧКсы.

Долбоорго ылайык, мектептин имараты эки кабаттан жана 4 блоктон турат. Ошондой эле, окуу корпусу, спорт зал, өтмөк галерея жана сырттагы ыңгайлуу шарттардын баары каралган. Жалпы аянты 3019,2 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө имараттын жер казуу (котлован) иштери аткарылды.