Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов “НБК” компаниясы салып жаткан объектилердеги курулуштун жүрүшүн текшерди.
Текшерүү учурунда, объектиде жумуштар үзгүлтүксүз жүрүп, абаны айлантуучу система, электр зымдары жана сантехникалык жумуштар бүткөндүгү белгилүу болду. Учурда керектүү материалдар алып келинип, керамагранит таштарын басуу жана айнек терезелерин орнотуу иштери калган.
Белгилей
кетсек, аталган компаниядан үй алган үлүш ээлеринин кайрылуусунан кийин,
“НБКнын” объектилери министрлик тарабынан көзөмөлгө алынган.