Ош шаарына караштуу
Төлөйкөн айыл аймагынын Өзгүр айылындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат.
Мектептин жалпы аянты-2099.59 м2. Долбоорго ылайык, 2 жана 3 кабаттан турган мектеп 3-блокко бөлүнгөн; анда окуу корпусу, өтмөк галерея, жыйындар жана спорт залы каралган.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен
каржыланып, иштин жүрүшү Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө.