Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин сапатына текшерүү жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 5 кабаттуу окуу корпусунун лаборатория, ашкана жана спорт залынын курулушу текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө "Тургун курулуш" жана "Алым Ата" ЖЧКлары тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталды. Курулуштун соңку баскычтары расмий түрдө тапшырылган эмес, кийинки иштер лабораториялык корутундусуз башталган. Мындан тышкары, коопсуздук техникасынын эрежелери сакталбагандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында акт түзүлүп, жазма эскертме берилди. Ошондой эле, административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.