Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Талас шаарындагы борбордук паркта реконструкция иштери жүрүп жатат.
Реконструкция иштери ушул жылдын июнь айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Бүгүнкү күндө жер казуу (котлован), бетон кую иштери аткарылып, аттракциондордун темир конструкциялары орнотулууда.
Паркта эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар каралып, аттракциондордун онго жакын түрү коюлат. Жалпы курулуш аянты 1,5 га жерди түзөт.
Белгилей кетсек,
Талас шаарындагы борбордук парктын аттракциондору 2008-жылы эскилиги
жеткендигине байланыштуу, колдонуудан чыккан. 17 жылдан кийин парктын
реконструкциясы долбоорлонуп, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.


