Нарын облусунун Кочкор айылында заманбап автовокзалдын курулуш иштери уланууда. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Объекттин жалпы наркы 394 миллион сомду түзөт.
Жаңы автовокзалдын жалпы аянты 14 469 чарчы метр, эки кабаттуу имараттан турат. Курулуш иштери заманбап стандарттардын негизинде аткарылып, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Бул долбоордун ишке ашырылышы аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.


