icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Таза суу системасынын курулушу текшерилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы табарынан Талас районуна караштуу Жон-Арык айылында курулуп жаткан таза суу системасы текшерилди.

Системанын курулушу “Жумгал суу курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан. Текшерүү учурунда, суу түтүктөрүнө төшөлүүчү топуракка таш аралаштырылып коюлгандыгы аныкталган. Мындан улам, башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазма эскертме менен подряддык уюмга айып пул салынды. 

Натыйжада, суу түтүктөрүнө төшөлгөн таштар алынып, курулуш нормаларына ылайык кайра жасалууда.